"Мен Садыр Жапаровдун эң жакын жактоочусу болчумун". Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын айтты

Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Эмне себеп болуп кеткенин өзүм да билбей, түшүнбөй калдым. Башка президент кызматтан бошотсо өз кишисин койду го деп түшүнөт элем. Мен бул президенттин өз кишиси болчумун да. Инаугурациянын алдында муфтиятка келип, мени тааныштырып, үй-бүлөлүк адвокатым деп айтты эле. Жардам беребиз деп мени мактап, жактап кеткен. Садыр Жапаровдун 10дой жактоочусу болгон. Анын ичинен эң жакыны мен болчумун. 10 жылдан бери жактоочусу болуп жүрөм. Өзү байланышка чыккан жок. Президенттик аппараттын башчысы мени чакырып алып, сиздин тагдырыңыз чечилип калды деп айтты. Мен бул кызматка жан талашып барган эмесмин", - дейт Токталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shanson
2021-02-10 13:23:49
Саке болбой калды ))
-5
heaven2016
2021-02-10 13:36:31
Shanson,Саке Соке болуп баратат
-5
dkrf
2021-02-10 13:47:35
heaven2016,
Садырдын жакын адамы болчумун дебей оз оокатынарды кылгыла. Акин башка адамдардын оюн эске албай эле Кыргызстандан светтик тушунукту алып салабыз деген элдин кыжырын келтирген. Кыргызстан мусулман олкосу болгону менен элдин басымдуу болугу мечитке барып сыйынбайт. Ошону бийликтерилер эске алыш керек. Эл салттуу мусулманчылыкты гана карманып коюшат. Негизинен шаар жана айыл жергесинде элдин басымдуу болугу светтик жашоону карманышат.
-4
emil91
2021-02-10 14:04:50
dkrf,
Туура Кыргызстан светтик багыт менен гана онугуш керек. Светтик мамлекетте баардык адамдардын укугу бирдей колголот. Мусулманчылыкты карманууда биз бир гана руханий баалулуктарды карманыш керек, бирок азыркы келип жаткан ислам диний кобунчо араб элдердин салтына басып жасап жатат. Бул туура эмес.
-4
Mirlan27011987
2021-02-10 13:37:08
Садыр Жапаров бул кишини туура эле бошотту. Себеби бул адам Кыргызстанды диний мамлекетке айлантабыз дегени мага да жаккан эмес. Садыр Жапаров Кыргызстан светтик статусун сактап калат деп деген. Мен мунусун колдойм. Кыргызстан диний мамлекетке айланса кезекте Россиянын көңүлүнө жакпайт жана биздеги ички чыр чатактарга алып барат. Себеби Кыргызстан коп диндуу мамлекет жана ар кандай коз караштагы адамдар жашайт. Алардын ар биринин укугу мыйзам менен бирдей коргулуш керек.
+8
talas0707
2021-02-10 14:37:55
Светтик мамлекетте жашап келдик жана жашап жатабыз не онугуп кеттикпи? Дин десе эле карангыны элестетип аласынар.
+4
al-abu-kinesz
2021-02-10 15:10:41
Демек минус басып Садыр Жапаровду жамандап буто албай жаткандар тушунуп койгула, Садыр Жараров кызматка озун колдогондорду, пахта коюп жургондорду гана койбойт экен эскилердей болуп!!! Мына дагы бир жолу ак журоктуу экендигин далилдеп жатат (терен ойлогондорго жетет). Иш билгилерди гана коюуну пландаштырып атат, демек, арты таза эместер билип койгула, Садырдын коштоочусу болсонор дагы жоопко тартыласынар!
+7
med1983
2021-02-10 16:52:27
Туура иш кылыптыр,жакынымын деген болбойт.
+2
aslan_akjol89
2021-02-10 19:36:09
Адвокаттын кереги жок да эми акталып чыгып кеткенден кийин.Кол тийбестик деген бар азыр.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан