Буга чейин интернетке топтошкон балдардын турган жеринен кулап түшкөн видеосу жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Алардын арасында Нурзада Бектемирова аттуу бир кыз болгон.
Мындан улам, SUPER.KG аталган видеону тарткандардын экөө менен байланышып, пикирлерин уктук.
"Жаман ой жок эле тарттык эле" деген идеянын автору Арген Асан уулу 20 жашта, ал 3 жылдан бери Москвада эмгектенет.
"Жөн гана тамаша иретинде тартылган видео болчу. Биз буга чейин тартып көргөн эмеспиз. Болгону белгилүү пранкерлерди эле туурап көрөлү дегенбиз. "Хайп" жараталы деп ойлогон эмеспиз. Менин катталуучуларым аз эле, мен ойлогом эч ким деле көрбөйт болуш керек деп. Уктап турсам эле көп жакка тарап кетиптир. Бардык каналдардан, басылмалардан чалып жатат азыр. Бул менин идеям болчу. Биз аягында пранк экенин айтканбыз. Билбейм элдер неге эле антип жатат. Мындай карасаңыз өтө деле катуу болгон эмес, бир аз эле болушкан. Бүгүн алтообузду Москвдагы элчиликке чакырды. Келип элден кечирим сурагыла, эгер орустарга арыз түшсө камап коюшу мүмкүн деди. Эми бул сыяктуу видео тартпайбыз деп сөз бергиле деди",- дейт Асан уулу.
Ал эми Нурзада Бектемирова Москвагы сулуулук салондорунун биринде 5 жылдан бери эмгектенет. Видеого ал блоггер досу менен барып тартылган, калган балдарды сыртынан гана тааный тургандыгын айтат.
"Бул видеону биз кечээ эле тартканбыз. Поездден секирип 12 миллиондон ашык көрүлгөн башка блоггерлердин видеолору талкуу болбой эле, кечээ тарткан биздин видео талкуу жаратканы мага кызык болуп жатат. Мен өзүм сулуулук салондо иштейм. Мага жарнама керек. Буга чейин блоггерлердин чакыруусу менен барып ар кандай видеолорго тартылып турчумун. Ал эми, кечээ тартылган тамаша видеого досумдун чакыруусу менен баргам. Калган балдарды сыртынан эле таанычумун. Видео тамаша экенин баары эле түшүнсө керек. Тартып жатканыбызда деле элдер андай деле корккон жок. Себеби көпчүлүгү эле тамаша экенин түшүнүп жатты. Анын үстүнө биз 2-3 секунд эле жерде жаттык. Элдер жөн эле видео киргизип койсоң деле ар кандай терс пикирлерди калтыра беришет", - дейт Бектемирова.