Женго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февраль күнү УКМК тарабынан кылмыштуу топторго жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн алкагында кылмыш иши боюнча Ош облусунда жана Ош шаарында издөөдө жүргөн кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары боюнча тергөө органдарынан жашынып жүргөн Досоновдун Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылып алынган. Алардын арасында баңгизаты дагы бар.
Учурда Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланды.