"Сураныч, темир капкактарды уурдабаңыздар!". Мэрия темир алуу пункттарын текшерди

Свердлов райондук акимиатынын адистери райондук ички иштер башкармалыгынын, №17, №18, №19, №20 жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери менен биргеликте инженердик тармактардын, кудуктарынын капкактарын алган жайларды аныктоо үчүн темир алуу пункттарын текшеришти. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Свердлов районунун аймагында 8 пункт аныкталып, бардык ээлерине шаардын уурдалган мүлктөрүн кабыл алууга тыюу салынгандыгы жөнүндө расмий билдирүү берилип, белгиленген тартипте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Мурда инженердик түйүндөрдүн, кудуктардын капкактары жана торчолору уурдалган фактылары катталса, азыр аялдамалардагы, тротуарлардагы жана башка жерлердеги капкактар уурдалууда.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы агынды сууларды кабыл алуучу арыктардын торчолорун орноткондон кийин, торлорду атайын кулпулар менен бекемдей баштады.

Мэрия темир капкактарды, торчолорду уурдабоону суранат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-02-10 18:22:17
Булар алдык деп айтмак беле камера койгула кармайсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан