Борбор калаада ири суммадагы акча жана телефон уурдаган деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда Э.И. аттуу жаран "Дордой" базарында белгисиз адамдар анын 20 миң долларын жана документтерин уурдап кетишкендиги боюнча арыз менен милицияга кайрылган.
Мындан тышкары, 24-декабрда К.А. аттуу жаран ушул эле базардан 14 миң сомдук Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткендиги тууралуу милицияга билдирген.
Фактылар Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси "Уурулук" боюнча катталган.
Кийинчерээк, кылмышка шектүүлөр шаардын аймагынан кармалган. Алар 1985-жылы туулган И.А., жана 1997-жылы туулган А.Ж аттуу жарандар болгон.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери уланууда.