Акчаны үстөк пайызга берүү шариятта кандай каралган? Бул суроонун жообун билүү максатында Кыргызстан дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазы уулуна байланыштык.
Анын айтымына караганда, шариятта үстөк пайызга акча берүү күнөө болуп эсептелинет.
"Шарияттык мыйзамда акчаны үстөк пайызга берүү жана алуу күнөө болуп эсептелинет", - деди Токтогазы уулу.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.