Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтомушев ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга барган.
"Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий Максат Токтомушев «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды.
Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий Максат Токтомушев кылмышка шектүү катары кармалып УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, ал жөнүндө коомчулукка маалымдалмакчы", - деп айтылат маалыматта.