реклама
super.kg logo

Базардагы арабасынан арылгысы келбеген Алмакан аттуу аял абалын түшүндүрүп берди (видео)

 

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы "Ош базарынын" ичиндеги мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүүнү улантып жатканын кабарлаган. 10-февралда мэриянын тийиштүү кызматкерлери базар ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин орундуктарын алышкан. Ал эми соодагерлер буга каршы болушкан.

Ага улай эле интернет түйүндөрүндө жумуш ордун коргогон аял кишинин видеосу (анда ал милиция кызматкерлери анын орундугун алып жатканда каршылык көрсөтүп, орундугуна чапталып, жабышып алганы көрүнөт) тарап, көпчүлүктүн талкуусуна жем таштаган.

Жогорудагы талкууга жем таштаган Алмакан аттуу аял эмне үчүн орундугун бекем кармап, жабышып алганын айтып берди.

Анын айтымында, жолдошу каза болуп калгандан бери жалгыз 2 баланы тарбиялап келет. Багууга чамасы жетпегендиктен бирин ата-энесине берип койгон.

"Менин эки балам бар. "Ош базарында" 7 жылдан бери иштеп келе жатам. Эптеп араба түртүп, товарларымды сатам. Бир аз сатып, беш-он сомумду алып үйгө барам. Ден соолугум начар. Башым ооруйт. Дегеле оорубаган жерим калбады. Эки-үч күндөн бери ишке чыкпай отургам. Арабамды алып, мени кууп жатат. Алмамды сатып түгөтүп коёюн деп отургам. Эми чыкпай эле коёюн десем деле болбой арабамды алып койду. Бош столду талашып алып коюшту.

Жакында байкем, эжем каза болгон. Ушундай кайгырып, жашоого дагы маанай жок. Эптеп кирип-чыгып жүрсөм столумду жүктөп кетти. Адам өз башына оор жүк келгенде акылынан кетет экен. Мага эч кимден жардам жок (ред.ыйлап). Кечээ социалдык тармакта тарап, талкуу болуп жаткан видео жөнүндө мага Орусиядан тааныштарым айтышты. "Алмакан, сенин видеоң Орусиядан чыгып жатат" дешти. Телефонду дагы жакшы караганды билбейм.

Баламды жалгыз таштай албай ээрчитип келип, кайра ээрчитип кетем. Балам "бутума суу өтүп кетти" десе дагы, "тура бер балам, жаның тынч болсо болду" дейм.

Жолдошум 2010-жылы каза болгон. 10 жылдан бери жалгыз жашайм. Балам 14 жашта, окуудан келгенде эле жаныма чакырып алам", - деди Алмакан айым.

Биз ага эмне себептен базардын ичине кирбей жатасыз деген суроо менен кайрылганда, төмөндөгүдөй жооп узатты.

"Базардын ичине канча жолу киргенге аракет кылдык. Ал жакта атайын орундуктары бар соодагерлер отурат. Биз ал жакка барганда соодабыз жүрбөй калат. Анда алган орун үчүн ижараны төлөп, өзүң эле четке чыгып каласың. Мындай болгон соң жөн эле акча бере берүү кыйын да. Канча жолу кирдик. Тура албай койдук", - деп жооп берди Алмакан айым.

Мындан сырткары мындай окуялар буга чейин бир нече жолу кайталанып келгенин, алган орундуктарын бир аз убакыт өткөн соң кайра тиешелүү кызматтар кайтарып бергенин айтты. Бирок бул жолу алынган орундуктар (стол) кайра кайтарылбашын эскертишкен. Кайтарып алуу үчүн 3 миң сом айып пул төлөп алса болорун, сыртта соода жүргүзүп жатканы үчүн эч кандай ижара акысын төлөбөй тургандыгын Алмакан айым кошумчалап өттү.

Бул маселе боюнча Ленин райондук акимчилигине кайрылып, сурап көрдүк. Алардын айтымында, базардын сыртында мыйзамсыз соода-сатык кылгандарга 20-январдан баштап эскертүү берилип, атайын баракчалар таратылган.

"Базарды иретке келтирүү, ыңгайлуу шарт түзүү максатында дал ушул иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Буга чейин чыкпагыла деген эскертүүлөр берилип келген. Ага баш ийбей эле чыгып жатышат.

Мыйзамсыз соода-сатык кылган адамдардын араба, столдору айып короосунда сакталат. Андан соң ээлери барып, буюмдарын алып кетишет. Мыйзамга ылайык, алар арабаларын, столдорун алып кетээрде 3 миң сом айып пул төлөшөт", - дешти Ленин райондук акимчилигинен.

Базар ичинде Алмакан айымдан маек алып жаткан учурда бир канча соодагерлер келип, алар дагы пикирин билдиришти. Алардын бири - Аида Жолдошова.

"Мен дагы базарда иштейм. Иштегениме 15 жылга жакындап калды. Буга чейин базардын ичине киребиз деп эле келдик. Аким Чынасыл Чыныбаев базар ичинен орун беребиз дегенинен товарларыбызды жыйнап, арабаларыбызды алып чыккан эмеспиз. Биз силерге орун беребиз, ал жактан эки ай ижара акысын төлөбөйсүңөр дешкен. Биз мыйзамга баш ийгенбиз. Бирок балдар келип, топтолгон аялдарды уят сөздөр менен сөгүп, кол көтөргөнгө чейин барышты", - деди ал.

Ал арада "Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык иштерин жөнгө салуу максатында Чынасыл Чыныбаев маалымат жыйын берип, баш ийбестиктер көп болуп жатканын айтты.

"Ош базарынын" субъекттеринин жетекчилери менен жолуктук. "Береке", "Беш-Сары" соода түйүндөрүндө ар кандай соода-сатык жүргүзгөнгө орундуктар бар. Жашыл базарда 120 орун, эт азыктарын жана ар түрдүү товар сатканга орундар бар. Алар орундуктарды эки айлык мөөнөткө ижарасын бекер кылууга макул. Көчөдө соода кылгандар ал жерлерге барганга макул болбой жатышат. Биздин кызматкерлерге кол салуу фактылары болуп жатат. Булар боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылып жатабыз. Бул жөнүндө дагы маалымат беребиз.

90 пайызы көчөдө мыйзамсыз соода кылгандар, алар мыйзамдуу жол менен соода кылганга көнбөй жатышат. Бирок биз баштаган ишти уланта беребиз.

Биз кызматкерлерге соодагерлер менен сылык мамиледе, түшүндүрүү жолу менен иш алып барууларын тапшырганбыз. Бирок соодагерлер тараптан түшүнбөстүктөр, пикир-келишпестиктер көп болууда", - деген ал.
"Ош базарында" жүргөн учурубузда дагы бир ызы-чууга туш болдук. Базардагы мыйзамсыз соода иштерин тартипке келтирүү бүгүн да улантылып жатканына күбө болдук. Анда кайрадан араба түртүп соода кылгандар орундуктарын бербей, көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып жатышкан экен.

Соодагерлер базардын ичинде мыйзамсыз соода кылгандар эптеп соода кылып күн көрүп жатканда уруксат бербесе, кантип күн кечиребиз деп күйүп-бышып жатышат. Алардын көпчүлүгү ички миграцияга кабылган жарандар, атап айтканда, өлкөнүн ар кайсы бурчунан үй-бүлөсүн багабыз деп келгендер.
Ал эми төмөндө өлкөдө жумушсуздардын статистикасын сунуштайбыз.


кошулду





Жумуш ордун коргогон аял кишинин видеосу интернетте тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.02.2021. 12:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
351
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
02-05-2021 15:06
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кагылайын эл журт, биз адамбыз го. Чара коруп ана алсанар болмок, бул айымды чырылдатпай. Коруп алып ыйлагым келди, биз Кыргыздар эмне болуп бара жатабыз.
12.02.2021. 12:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
06-05-2021 00:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+1
Чынасыл, мени ук, эл каатчылыктан чыкканга чейин базарга порядок, удобствонду жыйыштырып эле тур. И так пандемиянын кесепети, Россияга баруу кыйын болуп атканда. Же Жапаровго жагынайын деп атасынбы?
13.02.2021. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
27-03-2015
Соӊку аракети:
05-05-2021 10:30
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz,
Эмне учун Россияга сразу?мумкун чогулуп туруп бир жумуш таап берели ошол эле Бишкектен.Россияда эле жыргал жумуш болуп жаткансып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167499;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: