Узакка созулган ыктытуу коронавирустун сейрек кездешүүчү белгилеринин бири болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, медициналык практика көрсөткөндөй ыктытууга нааразы болгон бейтаптардан коронавирус аныкталган. Диагноздорун компьютердик томография менен тастыкташкан.
Кээ бир бейтаптарда коронавирус ыктытуу калыбына келүүнүн алгачкы белгилери менен бир учурда жоголуп кеткен.
Улуу Британиянын улуттук саламаттыкты сактоо кызматы COVID-19 диафрагмага чындап таасирин тийгизерин тастыктады. Ошондуктан адам узак убакытка чейин ыктытып жүрө бериши мүмкүн.
Дарыгерлер ыктытууну көбүнчө себепсиз пайда болуп, бир нече мүнөткө созуларын эскертишти. Бул катуу эмоционалдык стресстин натыйжасы болушу мүмкүн, ошондой эле организмдеги мындай реакция тамактануудан, суусундук ичүүдөн келип чыгат. Эгерде адам эки күндөн ашык убакытка чейин ыктытуусу токтобосо ооруканага кайрылууну сунушташат.