"Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүү иштери уланууда. Мындан улам аталган базарда арабада соода кылгандар арабаларын жана столдорун алып койгонго нааразы болушууда.
"Буга окшогон иштер буга чейин эле жүрүп келген. Бирок алар кайра алып койгон буюмдарыбызды (араба, стол) беришкен. Бул жолу алар алып кеткен араба, столдорду беришпейт экен. 3 миң сом айып пул төлөйсүңөр дешти. Булар көчөдө унаа туура эмес туруп калса айып пул төлөшөт го, ошондой кылып жатышат. Элдин турмушун кыйынчылыкка салбашы керек", - деди Алмакан аттуу соодагер.
Арабада соода кылгандар алынган араба жана столдору кайра берилеби, берилсе кандай шарттары бар деген суроо менен тийиштүү мекемеге кайрылдык.