Казарманда таене-таятасы тарабынан кордук көрдү делген Асел келечекте мугалим болгусу келет. Аны агасы Бишкекке алып келди. Мындан улам биз анын кыялы, жашоосу тууралуу сүйлөшүп кепке тарттык.
Ал көп убактысын телефондон музыка угуу менен өткөрөт. Ал эстарада ырчысы Данияр Эрматовдун ырларын сүйүп угат. Ал ортодо өзүнө жаккан эки ырын ырдап берди.
Аселдин бирден бир тилеги эки буту басып, өзү каалагандай жашоону куруу. Ал келечекте мугалим жана ырчы болгусу келет.
Аселдин агасы Алтынбек Артыкбек уулу карындашынын тагдырына кайдыгер карабаган жарандардан жардам сурайт.
ЭЛСОМ: 0508070835.