"Ажылыктын акчасын иштетип жиберишкен". Садыр Жапаров муфтийдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу маселелер боюнча маек курду.

Ал алгач эле акыркы муфтияттагы чуулу окуяга пикирин билдирип, Максат ажы Токтомушев тууралуу суроого жооп берди. Айтымында, муфтияттын айланасындагы окуялар өтө резонанстуу иш.

"Мурунку муфтий Максат ажынын тегерегинде ызы-чуу жаралды. Бул өтө резонанстуу иш. Ошондуктан бул боюнча майдалансам, башынан баштап айтып берүүгө туура келет. Ошондуктан бул иш тээ мурдатан эле дин тармагында жүргөн аалымдар, жарандар эки бөлүнүп алып чабышып келе жаткан жоруктары бар. Бул 4-5 жылдан бери келе жаткан оокат экен. Мен шайлоого жаңы аттанып жаткан учурда мага Максат ажы өзү келген. Ал келип "аалымдар кеңеши мени мөөнөтүмөн мурда кызматыман алып, жаңы шайлоо өткөрөбүз деп атат, биздин шайлоо апрель айында болмок аз калды, өз убагында өтсө жакшы эле" деп арыз-муңун айтып мага штабка келген. Мен аны кабыл алып, экөөбүз бир сааттай сүйлөшүп отурганбыз.

Ал бардык жагдайды айтып түшүндүргөн. Аппарат жетекчиси ал учурда Бакыт Аманбаев болчу. Ага муфтийдин көзүнчө чалып, үн күчөткүчүнө коюп "өкмөт эч качан муфтияттын ишине кийлигишпесин" деп айтканмын. Ошентип, дин комиссиясына Акин Токталиевди коюп кеткенмин.

Анткени ал көп жылдан бери бул чөйрөдө укук коргоочу. Мен "3-4 ай убакыт калыптыр, шайлоону апрелде өткөрсүн, кимди шайлашса өздөрү билет. Болгону биздин салттуу динди кармаган, ызы-чуусу жок адам коюлсун" дегенмин. Андан кийин менин инаугурациямдын алдында кайра эле ызы-чуу тууралуу маалымат келди", - дейт Жапаров.

"Ызы-чуунун себептерин сурасам, эки себепти айтышты. Биринчиси муфтий акчаларды жеп койду, экинчиси сабак өтүп жатып эки жерден оозунан жаңылды деген жүйөөнү келтиришти. Анан мага маалымат жеткенден кийин Арзыбек Бурканов деген менин жанымда жүрөт, ал мурун депутат болгон, жакшы таанышпыз.

Мен бошобогонуман аны Максат ажыга барып жолук деп өзүм сурандым. Анан анын каталыгы түз эле Максат ажыга барып сүйлөшкөндүн ордуна, Акин Токталиевге барып айтыптыр. Анан Токталиев барып туура эмес маалыматты айткан экен. Эртеси ызы-чуу күчөй баштады, басаңдагандын ордуна. Анан мен өзүм муфтийге чалдым, "жума намазга бара жатам мечитте күтүп туруңуз, нааразы болгон тарапты топтоңуз" дедим. Ошентип жолугуштук. Мен отуруп эки тарапты тең уктум, "шайлоого чейин ызы-чуу болбогула" дедим.

Каражат маселесинде чын эле мүчүлүштүктөр бар экен. 16 миллиондон 8 миллионго жакынын алып булар конвертация жасап, сомго башка банктарга киреше алуу максатында үстөк пайызга салышкан экен. Негизи бул ажылыктын акчасы ага тийбеш керек болчу да. Кайра пайда көргөнгө чейин доллар 15 пайызга чейин өсүп кетиптир. Алар пайда көрмөк түгүл, чыгым тартып калып жатат. Чыгымы эле 700 миң доллардын тегереги болуп кеткен.

Андан сырткары 155 миллион сомун былтыркы жылдын август айында бир фирмага бердик дейт, ал фирма алып бир партияга колдонуп салышат. Негизи муфтият бул акчаны эч жакка бербеш керек эле. Анан ал акча азыр да толук кайтарылбай турат. Бул жерде ажылыкка акча төккөн адамдар акчамды бер дешсе, жарым-жартылайын берип, жарым-жартылай бериле элек экен. Ошонун кесепетинен чачыранды акчаларды кайтара албай, бүгүн ушундай жаңжал чыгып жатат. Анан мага атайын муфтийди карматты, анын орду керек болуп жатат деп айтып атышат. Төбөбүздө Кудай турат мага ал орундун кереги жок", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан