Муфтияттагы чыр: Сот Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарды (сүрөт)

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карады.

Анда сот Токтомушевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Максатбек Токтомушевге жактоочулук кылып жаткан Акин Токталиев билдирди.

Жактоочунун айтымында, прокуратура мурдагы муфтийди үй камагына алуу боюнча өтүнүч келтирген. Ал эми тергөөчү Токтомушевди 2 айга камоо өтүнүчүн келтирген.

Ошондой эле Токтомушев өзүнө коюлган айыптарды чындыкка дал келбестигин айтып, аны "чагым" деп атаган.

"Ал өзүнө тагылган айыпты "чагым" деп атоодо. Муфтийди УКМКга алып барышып, ал жактан мажбурлоо жолу менен арыз жаздырышыптыр. Ага чейин кафеге барып, чогуу тамактанышкан экен. Андан кийин "силердин банкка салган акчаңардын пайызы бар экен, ошону бизге бербейсиңерби, акчаны өзүңөргө алып калсаңар, силерге арам болот, бизге адал" дешиптир.

Анан бухгалтер акча берсе, алар "бизге акча берип жатат" деп аны камап салыптыр. Андан кийин Максатты чакырып алып "мына бухгалтериңди камадык, эми сени камайбыз, сен бизге арыз жазып бер" деп мажбурлоо жолу менен арыз жаздырыптыр ",- деди жактоочу.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле бүгүн экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
AdylbekB84
2021-02-12 01:13:20
Аа жакшы элдин акчасын ким иштеткен болсо дагы жайына койсо болду!
+5
aybek88
2021-02-12 01:28:37
Ыйлаган балага оскар бериш керек)))
+4
Almaz-pazilbaiuulu
2021-02-12 01:52:04
Чыгарганы жакшы
Бирок эң өкүнүштүсү сот мурун кандай болсо ошондой калыптыр да буйрук аткармай
Баракелди эл үмүт менен шайлады эле
Эми дагын көрө жатарбыз дагын кандай нерселер болот экен
+8
Mirlan27011987
2021-02-12 02:54:44
Муфтиятка Максат Токтомушевге окшогон диний уюмга мучо болгон, тышкы диний уюмдардын идеялогиясын жайылткан адам келбеши керек. Муфтиятка мыйзамга баш ийген, диний уюмга мүчө болбогон, объективдүү көз карашты карманган, салтуу гана динди карманган адам болушу шарт. Президент саясатташкан динге жол бербеши керек. Мунун аягы чон чыр чатактар менен бутот. Таблигии Жаамат уюмун Кыргызстанда жабуу керек. Бул уюм коп олколордо жабылган. Бизде эркелеп журушот.
-16
bond0202
2021-02-12 07:40:39
Mirlan27011987,сага окшогон дини жоктор бул темаларга кирбей эле койгулачы
+10
supish2017
2021-02-12 07:51:16
Mirlan27011987, сен кимсиң өзү.
Атайын динге каршы дайындалган адамсынбы
+10
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-12 09:24:53
Mirlan27011987,Сен озу Кыргызстанда жашаганына эмес туулганына окунот окшойсун.Качан болбосун ушундай ой пикир жазасын.
+3
Mister-XXX
2021-02-12 17:52:22
Mirlan27011987,Бир чети туура айттын.Таблиги жамаат бизде болбошу керек.Бирок муфтий Максат ажы салттуу динди колдонгон адам.
Бирок сен динге асылганынды койсон боло.
Эч качан ислам дини адамды жаман жакка баштабайт.
-1
Nursul
2021-02-12 20:26:43
Mirlan27011987, бир чети туура айтыптырсынар таблиги жааматы балбайт бизге ошондой жааматка бөлүнүп аткан элдер өзүбүздө болуп атпайбы. мыйзамыбыз эгер динге туура келсе ага динибиз каршы эмес мыйзам ушундай деп итак эле динибиздин көп нерселерин кыскартып жатышат ага каршы болуп ызылдап чыга элекпиз бир күнү жарылзак ошол иштебеген мыйзамынарды да талкалап салабыз. Азыр көрүнгөн жааматка бөлүнө кылгылыкты кылып сөз бизге тийип жатат Чубак устаз айткандай ботко эле болуп калды.
-1
shejol
2021-02-12 05:52:11
сашке м.н ташке абийир тапкан жок
+10
Kuyoo_bala
2021-02-12 08:05:34
Садырдын адамдары кылып атат бут бийликке жутунуп арам олгурлор
+6
Merch
2021-02-12 08:33:15
Жапаровдун кечээги берген интервьюсунда суроолор даярдалган экен, планшетти карап жооп берип атты цифраларды айтканда. Анан жанындагы Бурканов деген адамы "каша кайнатып" жибериптир, эки жакты чабыштырып. Муфтийди өзү арыз жазып кетсин, болбосо камайбыз деп. Жапаровдун бул кылганы болбой калды.
+6
Rysbekkg-78
2021-02-12 08:36:30
Таши аке жок алыстан жакшы угулбай
Баажыны камагыла десе адашып Азиретти Аажыны камап алды байкуштар
+6
Jonisem
2021-02-12 09:18:53
Rysbekkg-78,жардынго тууганым
+1
Nina.alex
2021-02-12 09:49:57
Ыйлагандар олуп кнткиле
-5
aslan_akjol89
2021-02-12 10:05:03
Подстава 200%.
Ак жерден жузуно коо шыбагандар эки дуйно азапталгыла!
Азыркы бийликтегилердин кээ бирлерин коргондо бок коргондой болуп калдым.
+2
aslan_akjol89
2021-02-12 10:05:49
Орун талашкан шакалдардын жузун ачыктагылачы журналисттер,ишинерге жараша.
0
Asmat84
2021-02-12 16:29:51
Негизи туура иш болбоптур муфтияттка тийишпеш керек болчу подстава экени даана көрүнүп турат. Жакшы адамдар Муфтийликке барбай эле койгулачы ар дайым муфтиятты ушинтип шылдың менен кетиришет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан