14-февраль Бүткүл дүйнөлүк "Белекке китеп берүү күнү". Бул күндүн урматына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, китеп дүкөндөрү менен биргеликте, китеп көргөзмөсү уюштурулду. Анын алкагында, кызматкерлер жактырган китептерин сатып алуу менен кесиптештер бири-бирине китеп белек кылып, жакшы маанай тартуулашкан. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Иш-чаранын максаты коомчулуктун китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, кызматкерлердин жакшы көргөн китебин сатып алууга шарт түзүү жана өзгөчө жаштар арасында китеп окууну жайылтууга салым кошуу болуп саналат. Белгилей кетсек облустук өкүлчүлүк, өткөн жылы “бир кызматкерден бир китеп акциясын уюштуруп, өкүлчүлүктө китеп бурчун ачышкан.
Чогулган китептерди кызматкерлер жыл айланып, окуп чыгышкан. Китеп окуу, адам баласынын мээ клеткаларында байланышты күчөтөт жана анын акыл-эсинин, интелектуалдык деңгээлинин өсүүсүндө өзгөчө маанилүү. Ошондой эле адам баласына депрессиядан, стресстен чыгууга жардам берип, уйкусуздук, жүрөк кан тамыр жана башка ооруларды дарылоодо пайдалуу экенин адистер аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.