Кыш мезгилинде жылуу өлкөлөргө барып эс алуу пандемияга карабай уланууда. Бул ирет эс алуу үчүн Египетти, Сауд Арабиясын тандаган шоу-бизнес өкүлдөрүн топтодук.
Актёр, куудул Камчы Сарыбаев туулган күнүн чет өлкөдөн белгилейин деп жубайы менен Египетке 6-февралда учуп кетишкен. Актёрдун эс алуусу ойдогудай өтүп жатканын анын сүрөт жана видеолорунан байкаса болот.
Президент Садыр Жапаровдун карындашы, "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева Египетте эс алууда. Ал бул эс алууга сулуулар сынагынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова менен чогуу барды.
Актриса жана алып баруучу Назира Бердигулова апасы менен Дубайда саякаттап жүрөт.
"Апамды былтыр Дубайга алып барам деп пандемия башталып кеткен. Демек ушул жылга, убакытка, саатка буюруду. Ата-энени барында сыйлап, көңүл буруп маанайын көтөрөлү", - деген ал.