Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы
Камчыбек Ташиевге кечээ, 12-февралда жүрөгүнө операция жасалганы
маалымдалган. Ага улай эле журналист
Өткүрбек Рахманов Ташиевдин операциядан кийинки абалын социалдык тармактагы баракчсына жазып кабарлады.
"Урматтуу мекендештер, Камчыбек Ташиев агабызга жасалган бүгүнкү хирургиялык операция өтө оор жүрдү. Операцияга Берлин убактысы менен саат 8:00дө кирип, саат 18:30да гана өзүнө келди. (Бишкек убактысы менен 13:00дөн 23:30га чейин). Операция 3 саатка созулган.
Камчыбек Кыдыршаевич: "Эли журтума өтө ыраазымын. Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды.
Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп беремин!" - деди. Баарыңыздарга терең ыраазычылык", - деп жазды ал.