Биз социалдык тармакта

Жарандарды Орусияга автобус менен алып кетем деп алдаган жаран кармалып, андан жабыркагандар изделүүдө

Кечээ, 12-февралда Ленин райондук №1 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери тарабынан жарандарды Орусияга автобус менен алып кетем деп алдаган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин кызматкери кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган жаран 14-февралда жарандарды Москвага автобус менен алып кетем деп ишендирип, алардан акча алган.

“Ал элден бир эле сумма эмес, 7 миң сомдон башталган ар кандай сумманы айтып, акча алган. Азыр бул жаран Ленин РИИБинде камакта”, - деди кызматкер.

Азыркы тапта кармалган жарандан жабыркагандар изделүүдө.

Алданган жарандар 0 (990) 10 24 13 же
0 (703) 77 77 59 номерлерине байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Taalaibek.
2021-02-13 18:03:56
Супер-инфо, биринчи жолу адамды ачык корсотуп жатат! Эми силерди Супер-инфо десек жарашыктуудай.
+5
Гүлшат Ысамамат кызы
2021-02-13 18:12:29
Taalaibek.,Биз мекеме кандай маалымат берсе, ошого таянып чыгарабыз. Алар шектүүнүн атын жана жүзүн жашырып берсе, ошол боюнча берилет. Ал эми бул жолу милиция кызматкери өзү суранып, жабыркаган эл кайрылсын деп маалымат берди.
+5
Noon
2021-02-13 18:04:28
Аллах жазанды берсин!
+3
Abdizhapar
2021-02-13 19:20:57
Кебетесин кара арам тамак ит
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан