Сузакта эки унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Дагы бир адам ооруканада

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Дагы бир адам ооруканада. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында Дэу-Матиз үлгүсүндөгү унаа карама каршы багытка чыгып, Хонда-Фит унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Хонда-Фит унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон, ал эми ичинде жүргүнчү катары келе жаткан 1947-жылы туулган жаран ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми Дэу-Матиз унаасынын айдоочусу да жаракат алып, Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан