Биз социалдык тармакта

Баткендин аймагында Өзбек жарандары курулуш иштерин жүргүзүүдө. Буга жергиликтүү тургундар каршы

Баткен районунун Боз-Адыр айылында Өзбек жарандары курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-февралда дал ушул аймакта Өзбек жарандары электр мамычаларын орнотушкан.

Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар каршылыгын билдиришип, чогулушууда.

"Биздин аймакка 3 фазалуу ток тартам деп, зым орнотуп жатышат. Биз жаштар кечинде алар орнотуп жаткан мамыларды алдырдык.

Учурда облустук жетекчилер келишкен, алар маселени карап жатышат, чечилгенде бизге жообун беришет. Алардын жообун күтүп, ушул жерде чогулуп турабыз",- деп билдирди айыл тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaraisyn
2021-02-15 19:09:26
Блин эмне болуп жатат, тиги Марипов деген балекет кошуналардын чырагына май тамызып койду да өзү. Алар ойлошот да, ээлеп алсак болот экен, кыргыздар чынында эле чекарасына күмөн экен, ээлеп алсак болот экен деп. Блин эртеңибиз кандай болот, Аллах билет.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан