Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын карап, ага чыккан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу Шаардык соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, экс-премьер-министрдин баш коргоо чарасы боюнча арыз каралып, сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Тагыраагы абакта калтырды.

Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан