Китеп белекке берүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош шаарында китеп той болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Айгерим Нурболотова билдирди.
Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чара 14-февраль - Китеп белекке берүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош шаарындагы тойканалардын биринде 700гө чукул адамдын катышуусунда өттү.
"Иш-чарага экс-министр жана оратор Нуржигит Кадырбеков, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, Баян Акматов, Самара Сабирова жана Азиз Батыров келип, Ош элине руханий-интеллектуалдык азык тартуулашты. Ошондой эле иш-чара баш казанды, рух казанды, аш казанды биргеликте байытып, келген конокторго ашыкча чыгашасыз сыйлуу тамактар да тартууланды. Китеп майрамына арналып, арзандатуулар менен китеп жарманкеси уюуштурулду.
"Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси аты айтып тургандай эле акындардын айтышы, спектакль, поэзия мүнөттөрү, элдин сүймөнчүгүнө ээ, көрөңгөлүү инсандардан семинар, ата-энени, мекенди сүйүүгө арналган патриоттук ырлар, комуз күүсү, китеп жарманкеси, жаңы чыккан китептердин баяндамасы жана интеллектуалдык оюндар менен коштолду.
Иш-чара элибиздин нукура баалуулуктарын даңазалап, өлкөбүздүн агартуу тармагын өнүктүрүүгө, китеп окуу маданиятын жайылтууга, "Китепкөй өлкөнү" курууга багытталды", - деп билдирди Айгерим Нурболотова.
Белгилей кетсек, "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында уюштурулуп келе жаткан "Китеп-Той" долбоору 2019-жылдан бери борбор калаабыз Бишкек шаарында үч жолу өттү. Ага байланыштуу учурда бул долбоор үзгүлтүксүз уюштурулуп келе жатат.