Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.
Өмүр баяны:
Өмүрбек Суваналиев 1960-жылы 31-июлда Талас облусунун Талас шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
1981-жылы СССР ИИМдин Карагандадагы жогорку мектебинен укук таануучу юрист адистиги боюнча билим алган. Милициянын отставкадагы генерал-майору. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
- 1981-1986-жылдары Талас облустук милициясында ыкчам ыйгарым укуктуу ага кызматкер;
- 1986-1989-жылдары Фрунзе шаарынын Ленин районундагы социалисттик менчикти уурдоого каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери;
- 1989-1990-жылдары Аламүдүн РИИБинин социалисттик менчикти уурдоого каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
- 1990-1991-жылдары Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаардык милициясынын жетекчисинин орун барасы, жетекчи;
- 1991-1993-жылдары Ысык-Көл районунун жана Чолпон-Ата шаарынын милициясынын жетекчиси;
- 1994-1995-жылдары Салык полициясынын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын жетекчиси;
- 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы көрүшүү комиссиясынын төрагасы;
- 1997-1998-жылдары Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
- 25.06.1999-жылы "Феликс Куловдун коомдук фондунун" директору болуп дайындалган;
- 2003-жылы КР Акыйкатчы институтунун аппаратында кызматкер;
- 09.2003-жылы Нарын облустук милициясынын жетекчиси;
- 03.2005-жылы Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
- 05.2005-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси;
- 11.2005-жылы КР ички иштер министринин орун басары;
- 11.2006-жылы КР ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
- 2007-жылы КР президенттин администрациясынын коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
- 2008-2010-жылдары Нарын облусунун губернатору;
- 06.04.2011-жылы Ош облустук милициясынын жетекчиси (7 күн гана иштеген);
- 2011-жылы КР президенттигине талапкерлигин койгон;
- 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;
- 15.02.2021-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.