"Сырткы карыздардын айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз", - деп президент Садыр Жапаров 13-февралда "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди.
"Мамлекеттик кызматта менин адвокатым, менин досум, тууганым деген принцип болбош керек. Ошондой принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюп койгон экен Атамбаев. Бирок Кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар", - деген Жапаров.
Азырынча президенттик аппарат ал кайсы объектилер болушу мүмкүн экендигин тактай элек.