Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованы жерге берүү зыйнаты эртең, 17-февралда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сейдакматованын келини Асел Чоткараева билдирди.
Маалыматка ылайык, актриса катуу оорудан бүгүн,16-февралда саат 3:00 чамасында каза болду.
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Анын өмүр баяны менен таанышуу үчүн бул шилтемеге кириңиз.