Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду. Бул тууралуу кинематография департаментинин сайтына жарыяланды. Маалымат Сейдакматованын келини Асел Чоткараеванын маалыматына таянып жазылган.
Ага ылайык, актриса катуу оорудан 16-февралда саат 3:00 чамасында каза болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жамал Сейдакматованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.