Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 7-февралдан тартып Чолпон айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары ӨКМнын кызматкерлери Чоң-Чүй каналын бойлоп издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган.
16-февраль күнү издөө иштери улантылат.
.