Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди каттоо башталды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоо 17-мартка чейин жүрүп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 5-апрелинде курултай өткөрөт.
Талапкерлер Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын курамында же расмий дин кызматкери катары 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуп, мамлекеттик органдар тарабынан соттолбогон, жогорку деңгээлдеги диний жана светтик билимге ээ болушу шарт.
Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, Азирети Муфтий, Аалымдар Кеңеши жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.
Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Токтомушев 12-февралда үй камагына чыгарылган.