"Кыргыз Үмүтү" коомдук бирикмеси октябрь окуяларында жабыркагандарга Октябрь революциясынын Баатыры наамын берүүнү талап кылып, президент Садыр Жапаровго кат жөнөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган коомдун төрагасы Алмазбек уулу Саламат билдирди.
Маалыматка ылайык, активисттер Кыргыз өлкөсүндөгү бийликтин алмашуусуна алып келген 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуяларга революция макамын берүү, андан сырткары революциялык комитет түзүүнү жана мамлекеттик органдарга люстрация жүргүзүүнү талап кылышууда. Талаптар кат түрүндө президент Садыр Жапаровго жиберилген.
"Октябрь окуяларынын катышуучуларына баатыр деген наам берүү негизги талаптарыбыздын бири. Биздин арабызда катуу ооруга чалдыгып калгандары да бар. Алар эки-үч жыл төшөктө жатып, дарыланууга муктаж. Аларга мамлекет тарабынан жардам берилиш үчүн атайын статуска ээ болуу керек экен.
Октябрь окуяларында 30дай бала көзүнөн жабыркады, колунан айрылган бир бала бар. Жабыркагандар оор акыбалда тургандыктан, дарыланып туруу керек. Ушул себептерден бул маселени көтөрүп чыгуудабыз. Мен өзүм дагы бутум жакка граната жарылып, бир ай ооруканада жаттым. Азыр жакшы басып кеттим. Биздин коом ноябрь айында түзүлгөн. Азырынча президенттен жоопту күтүүдөбүз",- деп билдирди Алмазбек уулу.