Коронавирустун жаңы түрү 10 чакты мамлекетте катталды

Коронавирустун B1525 аталышындагы дагы бир түрү Улуу Британияда жана башка өлкөлөрдө аныкталды. Бул тууралуу Эдинбург университетинин изилдөөчүлөрүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Улуу Британияда, адистер бул вариантынын кеминде 32 учурун, Данияда - 35, Нигерияда - 12, АКШ жана Францияда жетөөнү катташкан. Гана, Австралия, Канада, Иордания жана Испанияга бештен аз бейтап катталган.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, жаңы штамм мутациялардын коркунучтуу жыйындысына ээ.

Атап айтканда, Бразилия жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн варианттарында кездешкен протеиндеги Е484К мутациясы адистердин айтымында, вирусту антителолорго туруктуу кылат.

Декабрдын ортосунда Улуу Британияда SARS-CoV-2 — VUI-202012/01 штаммы табылган. Кийинчерээк ал түп нускасынан 70 пайызга (башка божомолдор боюнча 56 пайызга) тезирээк тараганы белгилүү болду. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон мутация мурда белгилүү болгондон 30 пайызга өлүмгө алып келет жана 70 пайызга чейин жугуштуу деп билдирди. Дүйшөмбү күнү илимпоздор бул маалыматтарды болжолдуу түрдө тастыкташты.

Акыркы айларда VUI-202012/01 вирусун жуктуруу учурлары кеминде 80 мамлекетте катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-02-16 17:55:53
Кудай сактасын.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан