Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Чүй облусунун Москва районунун тургуну райондук бейтапканада бир да ЛОР-врач жок экенин айтып кайрылган.
Бул боюнча Беловодск аймактык бейтапканасына байланышканыбызда, эки ай мурун ЛОР-врачтын декреттик өргүүгө чыгып кеткендигин, оорукана жетекчисинин орун басары Надежда Белоглазова билдирди.
"Биз ЛОР-врачтын орду бош деп вакансия жарыялаганбыз. Бирок азырынча жаңы дарыгер табыла элек. ЛОР-врач жеке борборлордо бар андан сырткары кээ бир үй-бүлөлүк дарыгерлер жардам бере алышат",- деди Белоглазова.