Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармакта түз эфирде сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусунда чек ара маселеси чечилбеген боюнча калууда.
"Чындыгында чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелер абдан көп. Акыркы күндөрдө баарыбызга маалым болгон чек ара маселеси. Кээ бир облустарда чек ара маселеси демаркация, делимитация болуп чечилген. Кайсы бир облустарда бул маселе чечиле элек. Өзгөчө Баткен облусунда. Кечээ күнү Баткен облусунун жетекчилиги алмашты. Облуска генерал Өмүрбек Суваналиев жетекчи болуп дайындалды.
Баткен облусунда абал чындыгында оор. Чек арада жашаган ар бир адамды "баатыр" деп эсептейм. Ал жерде инфраструктураны, жардам берүүнү азыркы учурда карап жатабыз. Ошондой эле Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси дагы каралууда. Анткени көйгөй абдан көп. Жакынкы күндөрдө биз маселелерди чече баштайбыз",- деди Марипов.