Биз социалдык тармакта

2 жашында атасынын бир тууган агасы тарабынан кордук көргөн Ибрагим эсиңиздеби? Ибрагимге үй белекке берилди

2015-жылы атасынын агасы тарабынан комага түшүп калганга чейин сабалган Ибрагимге үй берилди. Бул тууралуу "Рахим" кайрымдуулук фондунан билдиришти.

Азыркы тапта Ибрагимди атасынын мурдагы аялы Диана Сайимова карайт. Ушул күнгө чейин бул үй-бүлө турак- жайга өтө муктаж болуп келген. Диана эки баласы менен Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде шарты жок кичинекей батирде жашап келген.

“Рахим” кайрымдуулук фонду аларга Көк-Жар кичи районунда жаңы салынган үйдөн ремонттолгон эки бөлмөлүү батирди белекке берди. Үйдүн ачкычын бүгүн, 16-февралда тапшырды.

“Мен бул үй-бүлөгө 2017-жылдын май айынан бери каралашып келем. Алар биздин жалгыз бой энелерди колдоо программасына кошулуп, ай сайын 5000 сомдон алып турушат. Ибрагимдин жан кейиткен тагдырын укканымда четте туруп кала албадым", - дейт фонддун директору Айдар Окенов.

Учурда Ибрагим 8 жашка толду. Ал мамлекеттен 8900 сом материалдык жардам алат.

2015-жылдын 11-январына караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kurbanalieva1991
2021-02-16 17:25:11
Аллах ыраазы болсун, ушундай адамдар көбөйсүн... Жеп жутарлар өрнөк алсын.
+27
Nina.alex
2021-02-16 19:19:22
Жакшы. Кудай кур кылбасын сизди. Ибрагим чон жигит болуп ,аман эсен чонойсун
+15
Nina.alex
2021-02-16 19:20:26
Ушул баланы эстеген сайын денем дурт деп кетет. 2 жашар баланы кантип зордуктайт?? Жооп таба албайм
+14
Jibakana
2021-02-16 19:37:33
Ошо зордуктап сабаган аялы куйоосу омур бою соттолдуьу?папасы жонундо маалымат жок го мурдагы апасы деп эле коюптур
+9
Kombi
2021-02-16 20:15:54
Азыр абалы жакшыбы же кандай кошумчулап жазып койгулачы
+7
Meryem77
2021-02-16 22:38:17
Кичинекей наристени майып кылыптыр зөөкүр!!кор болуп өл ылайым ушуну кылган айбан! жүрөгүм ооруп чыкты,менин да балам 2 жашта, элестетип жаман болдум! Кудайым жазанды берсин !!!
+7
Bermet068
2021-02-16 23:26:10
0
Gupa
2021-02-17 09:33:15
Бир наристенин тагдырын талкалашыптыр да. Бактылуу балалыгын арабага чиркеп... Жыргап ойной турган убагы эмес беле. Айыгып кетсе экен. Кор кылбаса экен.
+5
Birimdik5555
2021-02-17 11:23:48
Озунун атасы,апасы жонундо да маалымат алгылачы,баласынан кабар алышабы админ
+3
Birimdik5555
2021-02-17 11:25:09
Ибрагимге Аллахым шыпаа берип айыгып,басып кетсин, уйундо жакшылыктар болсун бактылуу болушсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан