Биз социалдык тармакта

13 күн мурун ишке киришкен өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлердин ишине нааразы болду

Социалдык тармакта түз эфирге чыккан премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт мүчөлөрүнө, мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды.

"Эмне үчүн бардык маселелер өкмөткө келип такалат. Себеби жер-жерлерди тийиштүү жетекчилер, аймактардагы жетекчилер жана башка агенттиктин жетекчилери өз тармактарында, өз убагында маселелерди чечпегендиктен жарандарыбыз социалдык тармак аркылуу, кагаз жүзүндө аргасыздан бизге кайрылып жатышат.

Ошон үчүн урматтуу жетекчилер, учурдан пайдаланып айтып кетейин, сиздер тараптан коомчулук менен болгон байланыш жакшы эмес. Начар деп айтсак болот. Ошондуктан төгөрөктүн төрт бурчунан жарандарыбыз ушул жакка чейин келип жатат.

Өкмөттүк деңгээлдеги маселелерди колдон келишинче чечип жатабыз. Ар бир тармак өзүнө тиешелүү көйгөйлөрдү чечиши керек", - деди Марипов.

2-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети өкмөттүн жаңы курамын карап, анда өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлиги жактырылган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 3-февралда Марипов кызматка киришип жатып ант берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bolotbek9191
2021-02-16 17:53:35
Жетекчилер деле эмес жонокой кызматкерлерда ото орой мамиле жасашат мисалы тейлоо тармагындагылар
+3
bekalife
2021-02-16 18:28:11
Копчулук маселе жогорку жактан чечилет. Мисалы жер участканы алайын десен жогорку кенеш трансформациялап бербесе айыл окмот жарандарга жер бере албай жатат. Бул жигит мактана берсе боло берет бекен
+2
ainura220888
2021-02-17 09:50:29
Жонокой эле паспорт столго барсак айкырат анан не болду десек тишими жулдуруп келдим дейт кудаай же ыйлашыны же кулушуну билбейсинда настолько нагло иштешет. Тообо кылдым. Анда больничный алып уйунузго барыныз причём тут мы дедим. Сен мага акыл уйротбо деп кайра кийип койсо. Кокуй бул не деген шумдук мына ушул учунда онукбойбузда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан