"Hala Madrid". Хабиб Нурмагомедов түндө боло турчу "Барселона - "ПСЖ" беттешине барат

UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бүгүн, 17-февралда боло турчу Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы каталондук "Барселона" клубу менен "ПСЖ" клубунун оюнуна барат. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Камп Ноу" стадионуна бараткан жолдо. Алга "ПСЖ" деп жазып #HalaMadrid (Алга Мадрид) хэштегин жүктөдү.

Хабиб Нурмагомедов "Барселона" клубунун башкы атаандашы "Реал Мадрид" клубунун күйөрманы экени көпчүлүк спорт сүйүүчүлөрүнө маалым.

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Барселона" - "ПСЖ" беттеши бүгүн, 17-февралга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eka.kg
2021-02-17 01:27:54
Бул халамадрид билет болду бекен, оюн күйөрмандарсыз өтөрүн.)
+8
okumushtuu
2021-02-17 10:44:10
Eka.kg, дозум абрикозум бул киши уже озуно озу авторитет топтоп алган сен экообуздой карапайым эмес бул киши эегер билсен ВИП ложеден орун алат да эээээ
+2
Eka.kg
2021-02-17 01:30:47
Алга ПСЖ, #ХалаАнжи

Десе жакшы жарашмак)
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан