
Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин Консулдук бөлүмү 21-23-февраль аралыгында иштебейт. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Орусия Федерациясында 2021-жылдын 20-февраль дем алыш күнү 2021-жылдын 22-февралына жылдырылды.
"
Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин Консулдук бөлүмү ишемби күнү келүүчүлөрдү 22-февраль, дүйшөмбү күнүнүн графиги боюнча кабыл алат. 21-23-февраль аралыгында иштебейт. Ал эми 24-февралдан баштап кадимки шартта иштей берет. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда элчиликтин сайтында көрсөтүлгөн ыкчам номерлерге кайрылууга болот",- деп жазылат маалыматта.