Бүгүн,17-февраль күнү түндө чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы оюндары өттү.
Испаниянын "Барселона" командасы өз үйүндө Франциянын белгилүү "ПСЖ" клубун кабыл алды. Бул оюнда Маурисио Почеттино баштаган "ПСЖ" клубу атаандашынан күчтүү болду. Бирок, бул оюн бүттү дегендик эмес. 2017-жылы өткөн ушул эле эки команданын оюнун эстен чыгарбашыбыз керек. Анда "Барселона" клубу алгачкы оюнда 4:0гө утулуп, өз үйүндө 6:1 эсебинде утуп, укмуштуудай камбэк жасаган. Кызыктын баары алдыда...
"Барселона" - "ПСЖ" (1:4);
Голдор: Лионель Месси (27-м), Килиан Мбаппе (32, 65, 85-м), Мойзе Кин (70-м).
Бул күндүн экинчи жуптук оюнунда Германиянын "Лейпциг" командасы менен Англиянын "Ливерпуль" командасы кез келди. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясынан улам бул оюн нейтралдуу талаада, тагыраагы Будапешт шаарында өттү. Оюн 0:2 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктады.
"Лейпциг" - "Ливерпуль" (0:2);
Голдор: Мохаммед Салах (53-м), Садио Мане (58-м).