"Жетиштүү эле турабы?". "Ош базардагы" арабасынан арылгысы келбеген Алмакан аттуу аялдын жашоосунун жаңы жагдайлары белгилүү болду

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы "Ош базарынын" ичиндеги мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүүнү улантып жатканын кабарлаган. 10-февралда мэриянын тийиштүү кызматкерлери базар ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин орундуктарын алышкан. Ал эми соодагерлер буга каршы болушкан.

Ага улай эле интернет түйүндөрүндө жумуш ордун коргогон аял кишинин видеосу (анда ал милиция кызматкерлери анын орундугун алып жатканда каршылык көрсөтүп, арабасына чапталып, жабышып алганы көрүнөт) тарап, көпчүлүктүн талкуусуна жем таштаган.

Жогорудагы талкууга жем таштаган Алмакан аттуу аял SUPER.KG порталына абалын түшүндүрүп берген. Көп өтпөй Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев Алмакан аттуу аялды кабыл алып, социалдык жактан колдоо көрсөтүлөрүн айткан.

Аталган макала жарыяланган соң Алмакан аттуу айымды тааныган адамдар кайрылып, анын аты Алмакан эмес, Орозгүл Жакыпова экендигин, эки кабаттуу үйү бар, жакшы жашоодо жашарын айтып, кайрылышкан.

SUPER.KG порталы Алмакан аттуу аялга байланышып, ага карата айтылып жаткан пикирлерге жооп алдык.

Анын айтымында, документинде аты-жөнү Орозгүл Жакыпова. Базарда алма саткандыктан, Алмакан аталып калган.

"Өзүмдүн аты-жөнүм Орозгүл Жакыпова. Базарда алма саткандыктан Алмакан аталып калгам. Ак-Ордо конушунда турам. Балам Селекциядагы мектепте окуп жатат. Ата-энемдин бизге корголоп берген үйү бар. Бир бөлмөсүн эптеп бүтүрүп эле кирип алганбыз. Эки бөлмөлүү кылып салганбыз. Анын үстүнө дагы кошуп, анан чатырын жаап койгонбуз. Ал эки кабаттуу үйдөй көрүнүп калат.

Аким менен жолуккам, базардан орун беребиз деген. Бирок азыркы учурда орун бериле элек. Ленин районуна алып барып, каттоого тургузушту.

Эки ай мурун жол кырсыгына кабылгам. Ошондо башым жарылып, бир тишим ыргып кеткен. Анда ооруканага жатып, дарыланып чыккам. Азыр базарга чыгып иштеген жокмун. Ооруп жаткандыктан дарыланып жатам",- деди Орозгүл Жакыпова.

Ошондой эле видео социалдык тармакта тарагандан кийин бир-эки адам жардам бергенин айтты.

"Бир аз жардам бергендер болду. Бир-эки адам келип, көмөк көрсөтүп кетти",- деп кошумчалады ал.

Арабасын коргогон Алмакан аттуу аялдын турмушунун жаңы жагдайлары белгилүү болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Shabi
2021-02-17 13:51:19
Негизи,ал жактагы байкуш болгон тачка соодагерлери,мага караганда жакшы жашайт го
+17
Mirlan27011987
2021-02-17 14:05:06
Эки жүздүү аял экенсиң. Мындайлар толтура.
+13
rtuiop
2021-02-17 15:04:32
Mirlan27011987,сен эженин ичине кирип кордунбу канча жуздуу экенин билгидей? Мумкун иши жакшы журушуп баштаганда уйун чонойтуп баштагандыр
0
Nina.alex
2021-02-17 14:10:28
Откондо такыр эле башкача соз суйлоп атат элего. Тобоо
+13
al-abu-kinesz
2021-02-17 14:55:39
Мен да боорум ооруп кетти эле, корсо "бир комнатасы буткон уйу бар турбайбы!!! Квартплатын аран тапкан уй булолорду коргом мен Бишкекте. 3000сом квартплат кымбат болуп атат 2000 сомдукка чыгып атам дегендерди уккам!
+14
kamchatka
2021-02-17 16:42:41
Жашоосу жакшы болсо тачка туртуп алма сатмак беле ким эмне десе ошону ээрчип кете турган эл болдук койго окшоп айдаган жака кетебиз Максим туурале айткан экен 5 миллион коюм бар деп жыргаган жашоосу болсо журмокда жылуу жерде
+13
Asmat84
2021-02-17 19:10:55
Олумуш болгон сучка
+4
Nur777
2021-02-17 20:47:21
Олормандар дессе!....
+2
nazira...
2021-02-18 00:01:35
Билбей деле калдым, каяка баратабыз деги биз кыргыздар.
0
nasipkan96
2021-02-18 00:38:59
Мага десе 5комнаталуу болсун бирок ишин жок болсо кантип жан багат уйум бар деп эле жата бериш керекпи
+10
Porter-taxi
2021-02-18 00:40:16
Аны муну койгулада чек араны чечип беришсиндерчи
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан