Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өттү.
Анда Сотторду тандоо кеңешине жаңы мүчөлөрү шайланды. Жалпы 11 талапкер болду. Шайлоо жашыруун түрдө өтүп, 3 мүчө шайланды. Алар: Лунара Жолдошева, Жолдошбек Сулайманов, Болоткан Дүйшөналиев.