Бүгүн, 17-февралдан 18-февралга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндар өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "Севилья" (Испания) - "Боруссия Дортмунд" (Германия);
"Рамон Санчес Писхуан" стадиону (Севилья шаары, Испания);
Башкы калыс: Дэнни Маккели (Нидерланды).
"Порту" (Португалия) - "Ювентус" (Италия);
"Драган" стадиону (Порту шаары, Португалия);
Башкы калыс: Карлос дель Серро Гранде (Испания).
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат жана коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтөт.