Чек ара маселеси боюнча 2 күн митингге чыккандар менен президенттик аппарттын өкүлү жолугушту

Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тургундары, жарандык активисттер менен чек ара маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан бүгүн, 17-февралда кабарлашты.

Жолугушууга коопсуздук кеңештин катчысы Рыскелди Мусаев, өкмөттүн аппаратынын, Тышкы иштер министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, УКМКнын жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

"Анда Кыргыз-Тажик жана Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек араларындагы тилкелерди делимитациялоо жана демаркациялоо, аймактын калган тактала элек аймактары боюнча маселелерди чечүү жолдору жана аткезчиликке бөгөт коюу маселелери талкууланды".

Мындан тышкары алар социалдык кырдаалды жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн каражаттарды эртерээк бөлүү зарылдыгын белгилешти.

"Медербек Сатыев мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарды сактоодо чыныгы патриоттуулукту көрсөткөн чек ара аймактарынын жашоочуларына ыраазычылыгын билдирди. Ал белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө айтылган бардык маалыматтар, сунуштар жана талаптар мамлекет башчысынын назарына жеткирилет, ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдарга керектүү тапшырмалар берилет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев президент Садыр Жапаров мамлекет башчы кызматына киришкен алгачкы күндөрдөн баштап чек ара маселелерин артыкчылыктуу багыттардын бири деп эсептеп, өзгөчө көзөмөлгө алгандыгын баса белгиледи".

Жарандык бирикмелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар чек араны коргоону тактоо жана күчөтүү процесстери боюнча өз сунуштарын активдүү билдиришти.

15-16-февралда Бишкекте чек ара чырына байланыштуу митинг өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Porter-taxi
2021-02-18 00:42:58
Садыр брат кана садыр брат таазза чегараны чечип берем деп атты беле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан