16-февралда өкмөт тарабынан “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук лицейинин окуучуларына тамак-аш рационунун ченемдери жөнүндө” № 44 токтому кабыл алынды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
"Бул токтомдо аскер кызматчылары үчүн азык-түлүк рационунун жаңы бирдиктүү ченеми аныкталды. Эми жоокерлердин тамак-ашынын рационунда ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн калориялуу тамактар, мисалы, жарым-жартылай ышталган колбаса, жумуртка, сыр, коютулган сүт, табигый жемиш ширеси же жаңы жемиштер болот",- деп билдиришти министрликтен.
Мындан тышкары, эт, балык, кесме жана өсүмдүк майынын суткалык ченеми бир кыйла жогорулайт.
Аталган норма Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин оорук башкармалыгынын адистери тарабынан иштелип чыгып, азык-түлүк азыктары медициналык адистерди тартуу менен ар тараптуу талдоодон, илимий-изилдөө иштеринен кийин кабыл алынган. Анда көптөгөн факторлор, анын ичинде аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы, күн тартиби, климаттык шарттары, жана ошондой эле улуттук тамактануу өзгөчөлүктөрү да эске алынган.