Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таировдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таировдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту 2021-жылдан 17-февралындагы чечими менен шектүү Таиров камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сотко чейин өндүрүш иши аяктаганга чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу жөнүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү.

"Прокурор менен Таировдун ортосунда кызматташтык келишими түзүлүп, анын туруктуу жашаган жери бар, жеке маалыматтары документтештирилген. Мындан тышкары Таиров республиканын бюджетине 14 миң доллар төлөгөн",- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Таировду 2-февралга чейин камакка алуу чечими чыккан.

Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп 2018-жылдын апрель айында дайындалган. Ал аталган кызматтан ушул жылдын октябрь айында алынып, ордуна Сыймык Жапыкеев дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан