Депутат Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси кызматына сунушталып жатат

Депутат Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси кызматына сунушталып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Максат Сабиров тастыктады.

Ал бул боюнча документтер парламентке түшкөнү тууралуу билбей турганын айтты.

Былтыр октябрь айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан кетээр алдында кызматтан алган. Жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган.

Гүлнара-Клара Самат 1963-жылы 20-августта Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1987-1991-жылдары кесиптик техникалык училищада баштапкы комсомол уюмунун катчысы;

1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген.

2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган;

2005-2006-жылдары Кыргыз өолкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген;

2006-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган;

2006-2007-жылдары президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору;

2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон;

2018-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңештин депутаты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан