"Чек ара маселеси эң орчундуу маселе жана аны чечүү үчүн көп убакыт талап кылынаарын баардыгыбыз жакшы билебиз. Камчыбек Ташиев ден соолугуна карабай маселени көзөмөлдөп, жеринен чечкени аракет кылганы өтө жакшы көрүнүш.
Алмазбек Атамбаевдин чоң державалардын жетекчилери менен тең ата сүйлөшө алгандыгын жанынан көрүп жүргөн жансакчысы катары айтаар элем, коңшу мамлекеттердин башчыларынын алдында бөжөңдөбөй, башты бийик көтөрүп сүйлөшө билген гана жетекчи ийгилик жарата алат! Четтен карап сындабай Камчыбек Ташиевдин бул аракетин колдоп жардам беришибиз керек! Бийликтин күчү элде, элдин күчү ушундай чыгаандарда!" - деп жазып калтырды Канат Сагымбаев.