УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Германиядан учуп келип, Баткен облусуна сапар алган. Ал Баткен районуна караштуу Ак-Сай эли менен жолугушу өткөрүүдө.
"Коомду өзгөртүшүбүз керек. Мен деле унчукпай эле ошол эле коррупционерлер, ошол эле бандиттер менен чогуу жашап жүрө берсем болмок. Бирок биз коомду өзгөртүшүбүз керек. Укук коргоо, бажы жана чек арадагы кызматкердин пара алып жатканы боюнча маалыматтар болсо бергиле, видеого тарткыла. Эгер маалымат так болсо ошол күнү камайм. Ошондой укук коргоо органдары адамдын укугун кордоп же жалган жалаа жапса алар боюнча дагы маалымат бергиле. Туугандар жакшылыкка умтулалы. Уруш-талаш кылып, бири-бирибизге жакшы жаман айтып, президентке же мага жалган жалаа жапкандан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Мен көп сүйлөп койдум окшойт, капа болбоңуздар. Башым дагы айланып кетти",- деди Ташиев.