Өзгөндө 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелип жаткан өспүрүм 1 айга камакка алынды

Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелип жаткан өспүрүм 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан SUPER.KG порталына билдирди.

"Шектүү бала бир айга камакка алынды. Негизи мыйзам боюнча ал тергөө аяктаганга чейин үй камагында болмок. Бирок каза болгон баланын ата-энеси менен кошуна жашашкандыктан шектүү баланын өмүрүнө коркунуч болбош үчүн камакта калтырдык. Шектүү өтө оор кылмыш жасагандыктан ал мыйзам чегинде жазага тартылат", - деди басма сөз кызматкери.

17-январь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 15 жаштагы М.А. айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип барып, эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен жабырлануучуну урганда ал эс-учун жоготуп жатып калган. Андан кийин таш менен башка чаап, өсүп турган камыштын арасына таштап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-02-18 19:41:39
Кудай сакта баланы камап эле коюш кк,болбосо олгон наристенин туугандары коргон сайын кан жутуп ыйлашат.Бул баланы же психикалык жактан оорулу деп жиндиканага жонотуп ал жактан эркиндикке чыгарып жиберишпесе эле болду.
0
Allahim
2021-02-19 07:29:55
Анчалык эмне болду экен 3 жашар балага очошуп олтуруп?же баланын ата энесиге очошкондуктон ушул ишке барганбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан