Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
67 килограмм салмак ченинде финалда Марлен Асикеев Амантур Исмаиловду 7:6 эсебинде жеңип, өлкө чемпиону аталды.
Марлен Асикеев былтыр 2020-жылы дагы 67 килограмм салмакта өлкө чемпиону аталган.