ЖКда камакка алынган саясий кызмат адамдарынын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө кепилдик берүү сунуштамасына тыюу салуу сунушталды
ЖКнын Сот-укук маселелери, мыйзамдуулук комитетинин кезектеги жыйынында ЖКнын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Каныбек Иманалиев тарабынан КРнын Кылмыш-процесстик кодексине түзөтүү киргизүү демилгеси талкууланды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Ага ылайык, камакка алынган саясий кызматта
иштеген адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө
депутаттар тарабынан кепилдик берүү сунуштамасына тыюу салуу чарасы сунушталды. Талкуу жыйынтыгында мыйзам
долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.