SUPER.KG порталы 7 жыл мурунку каарманынан кабар алды. Айзада Кожобергенованын бүгүнкү абалы кандай?

Төрт бир туугандын улуусу, 1-топтогу майып Айзада Кожобергенова учурда 44 жашта. Ал 2014-жылы SUPER.KG порталына маек берип, кайрымдуу адамдардан жардам сураган. Андан көп өтпөй "Кайрымдуу бол" фонду ага көпчүлүктүн жардамы менен эки бөлмөлүү үй салып берген. SUPER.KG порталы жети жыл мурдагы каарманыбыз менен байланышып, андан кабар алып, маектешип келдик.

Элдин жардамы менен үйлүү болдум...

Мындан 7 жыл мурда, тагыраагы, 2014-жылы сиздердин портал мен тууралуу тартып, жазып чыгарган. Андан соң "Кайрымдуу бол" фондунун жетекчиси Азамат Байматов көрүп, элден жардам топтоп дал ушул 2 бөлмөлүү үйдү, чакан мончосу менен салып берген. Өзүм 1-топтогу майыпмын, жалгыз уулум бар. Кудайга шүгүр, азыр ушул үйүбүздө жашайбыз.

Келечегим да, үмүтүм да уулум...

Уулум азыр 1-класста окуп калды. Бул жерде мектептер алыс болгондуктан мен аны күндө алып барып, алып келе албайм. Ошондуктан интернатка бергем. Ал жактан дем алыш күндөрү алып келип турам. Келечегим да, үмүтүм да уулум. Ошону жакшы окутуп, тарбиялап адамдардын катарына кошсом деп кыялданам. Мен көргөн күндү көрбөсө, мендей болуп кыйналбаса экен дейм.

Жолдошум бир дагы кабар алган жок...

Жолдошум мен кош бойлуу кезде эле кетип калган. Кайненем келип алып кеткен. Ошол боюнча кабар алган жок. Мен тууралуу интернетке чыгып эле жатты, көрдү деп ойлойм. Кайненемди деле күнөөлөгүм келбейт. Менин да балам бар, мен да энемин. Балким, ден соолугум жакшы болсо мен деле ошондой кылсам керек эле.

Түндүгү бөлөктүн түтүнү бөлөк...

Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Мен төрт бир туугандын улуусумун. "Түндүгү бөлөктүн түтүнү бөлөк" дегендей, бир туугандарым деле ар кимиси өз турмушу менен. Нарындын Миң-Куш айылында төрөлүп, шаарда эле чоңойдум. Апам кош бойлуу кезинде унаа сүзүп кеткен экен. Мен ошондон улам эки бутум баспай төрөлгөм, 1-топтогу майыпмын. Кудайга шүгүр, тагдырдын буйруган күнүн көрүп келе жатабыз.

1-топтогу майып Айзада Кожобергенованын учурдагы жашоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан