Камчыбек Ташиев муфтийдин кармалышы боюнча пикирин билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 18-февралда Баткен облусуна болгон иш сапарында Кыргыз өлкөсүнүн мурунку муфтийи Максат Токтомушевдин кармалышы боюнча пикирин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Айтымында, Токтомушев мыйзам бузган болсо, жооп берүүгө милдеттүү, бирок мусулман калкы катары аны кармоо туура эмес иш болгон.
"Муфтий Токтомушев боюнча мен ойлойм, анын кармалганын мыйзам чегинде дагы бир жолу карап чыгыш керек. Бирок мусулмандыктын негизинде, ар-намыс, ариеттин негизинде бул бир аз туура эмес болуп калды.
Эгерде ал Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарын бузган болсо, жооп берүүгө милдеттүү. А бирок биз мусулман калкы катары өзүбүздүн муфтийлерибизди, аалымдарыбызды колдоп, кубатташыбыз керек", - деген Ташиев.

Чынында ар бир байлыктын артында чон кылмыш турат. Бул чындык. Чындык байлыктан да жогору туруш керек. Ошондуктан дин кызматкерлерин актай берген туура эмес. Мыйзамды бузса буларын деле жазасын алыш керек.
Урматтуу супер инфо мобул атеист дин бузаарды жок кылгылачы же эмне силер да мусулман эмессинерби